Казакстанда картошка жана сабиз массалык түрдө талаага төгүлүүдө. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, окуяга күбө болгондор жашылчалардын талаага ыргытылган видеосун жарыялашкан. Видеодон он чакты адамдын сабиз менен картошкаларды капка чогултуп жакткандарын көрүүгө болот.
"Жөн эле ыргытып салышат, анан жасалма түрдө бааны көтөрүшөт. Кыязы, аны сактаганга жери жок, ошондуктан ыргытып салышат", - деп видеонун авторлору билдиришкен.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары учурдагы азык-түлүккө болгон бааларды эске алуу менен жашылчалардан таштанды төгүүчү жайларды түзүү жакшы эмес экенин белгилешти. Керексиз болуп калган азык-түлүктөр эмне үчүн айылдыктарга бекер берилбей, жок дегенде малга тоют үчүн дагы таратылбай калганына нааразы болушууда.
Буга айыл чарба департаменти жашылчаларды жыйноодо жол берилген өтүмсүз товарларды жок кылуу бар экенин түшүндүрүп, кырдаал боюнча түшүндүрмө берген.
"Бул рефакция (товарлардын бузулушуна байланыштуу көрсөтүлгөн сапаттан төмөн болгондуктан дүң баага арзандатуулар) деп аталат. Ар кандай айыл чарба азык-түлүктөрүнүн өздүк пайыздык рефакциясы бар. Мындан тышкары, стандарттарга жооп бербеген картошка менен сабизди сактаганда, алар өтүмсүз товарлар болуп калат", - деп башкармалыктан билдиришкен.
Ошондой эле калк мындай азык-түлүктөрдү сорттоп, өз муктаждыктары үчүн ала алышарын кошумчалады.