Сокулук районунда киши өлтүрүү боюнча кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй облустук ШИИБи бүгүн, 11-ноябрда билдирди. Маалыматка ылайык, 9-ноябрда болжол менен 23.30 чамасында Комсомол айылынын 56 жаштагы тургунунун жансыз денеси өз короосунда табылган. Белгилүү болгондой, оор токмоктоонун жыйынтыгында көз жумган маркум аталган айылда ижарага үй алып жашап жаткан. Бул окуя боюнча Сокулук райондук ШИИБи тарабынан 104-берене боюнча (ден соолукка оор зыян келтирүү жана өлүмгө чейин токмоктоо) кылмыш иши козголду.
Жыйынтыгында кылмышка шектүү катары аталган айылдын 56 жаштагы тургуну, маркум жашап жаткан үйдүн кожоюну кармалды. Кожоюн менен кардардын ортосундагы чыр ичип алышкандан кийин чыгып, жыйынтыгы кылмыш менен аяктаган.