Аламүдүн районунда “күч колдонууга тиешеси бар” деп шектелип, 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул окуя 3-ноябрда болжол менен 22:30 чамасында Лебединовка кыштагында Жибек Жолу жана Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. 3 жаран күч колдонуу менен Ысык-Ата районунун 2 тургунун ээн жайга алып барып, сабап, уюлдук телефондорун, акчаларын жана башка буюмдарын тартып алып, из суутушкан. Бул окуя боюнча кылмышка шектүү делинип, Токмок шаарынын 17 жаш курактарындагы 3 тургуну колго түшүрүлдү. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.