Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын унаасы катышкан жол кырсыгы катталды

Бүгүн, 19-октябрда Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын унаасы катышкан жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгынан жабыркагандар жок.

"Жол кырсыгы Магистраль менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда милициянын кайгуул кызматынын унаасы менен Subaru Forester унаалары сүзүшкөн.

Жабыркагандар жок. Унаалар айып короосуна киргизилди.

Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан