Кыргыздар дагы бар. Сочинин эки тургуну мигранттарды мыйзамсыз каттоого алганы үчүн соттолду

Орусиядагы Сочи шаарынын эки тургуну мигранттарды мыйзамсыз каттагандыгы үчүн соттолду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Басылмалардын маалыматына ылайык, сот жообуна тартылгандар Кыргыз өлкөсү, Тажикстан, Өзбекстан жана Украинадан келген 119 чет элдик жаранды мыйзамсыз каттоого алышкан.

"Айыпталуучулар чет өлкөлүк жарандарды Орусияда жүргөн жеринде каттоо үчүн мыйзамсыз иштерди уюштурушкан. Алар эмгек мигранттарынан 229 миң 500 рубль чогултушкан.

Соттолгондордун бири 4 жылга, экинчиси эки жарым жылга эркиндигинен ажыратылды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан