Тойдо жубайына арналган клиптин бет ачарын жасап... Ырчы Кубанычбек Баркалбасовдун ак тоюнан репортаж

Ырчы Кубанычбек Баркалбасов менен келинчеги Гүлзаттын үлпөт тоюн өткөрүп, калың элден бата алды. Түгөйлөрдүн ак тою борбор калаадагы тойканалардын биринде орун алып, ага эки жаштын туугандары, жакындары, дос, курбулары катышты.

Жубайлардын өкүл ата, өкүл апасы белгилүү актёр, актриса Арнис Кыдырмышев менен Альбина Имашова болушту. "Кубанычбек Баркалбасов биздин окуучу болчу. Актёрдук чеберчилик боюнча сабак алып жүргөндө эле өкүл ата, өкүл апа коём деп жүрчү", - дешет алар.

Тойдун экинчи бөлүгүндө ырчы жубайына арналган жаңы клиптин бет ачарын жасады.

Белгилей кетсек, буга чейин ырчы сүйүктүүсүнүн колун сурап, баш кошуу сунушун жасаган. Кубанычбек Баркалбасов "Атанын кадырын билеличи", "Айдайым, "Бай тилек", "Сабырдуу бол", "Баары ашык", "Байка" жана башка ырларды аткарып келет.

“Узакка сүйлөшкөн болбойт экен деп сүйүктүүмдүн колун сурадым” дейт Кубанычбек Баркалбасов
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2021-10-21 07:13:11
Ырчы толтура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан