Индиянын түндүгүндө нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен 40тан ашык адам каза болду

Индиянын түндүгүндөгү Уттаракханд штатында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кеминде 42 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 3 күндөн бери тынбай жаап жаткан нөшөрлүү жамгыр аталган тоолуу штатта жер көчкүнү, таштардын кулоосун жана суу ташкындарын жаратты. Ондогон адамдардын дайынсыз жоголгону айтылууда. Ошондой эле жергиликтүү бийлик куткаруу иштерине катыша турган куралдуу күчтөрдөн жардам сурашкан.
Ал эми өлкөнүн түштүк бөлүгүндө нөшөрлүү жамгыр дагы деле уланууда, түштүк-батыш тарапта жайгашкан Керала штатында жамгырдын кесепетинен 38 адам каза болгон.
Метеорологдор жакынкы күндөрү жамгырдын интенсивдүүлүгү төмөндөшү керек деп эсептешет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан