Үстүбүздөгү жылдын 2-8-декабрь күндөрү “Айтматовду окуйбуз” аталышындагы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесине арналган жумалык өтөт. Жумалыктын алкагында өлкөдөгү бардык мектеп, бала бакча, музей, китепкана жана башка мекемелерде Айтматовдун чыгармачылыгына байланышкан иш-чаралар өтөт.