"Экөөлөп сабап, андан соң кетип калышкан". Чоң-Алайда 54 жаштагы жарандын өлүмүнө 2 жердеши шектелүүдө

Ош облусунун Чоң-Алай районунда суудан 54 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Алдын ала тергөөдө ал киши колдуу болгону аныкталган. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 15-октябрь күнү Чоң-Алай РИИБине Жар-Башы айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 13-октябрь күнү болжол менен саат 15:00 чамасында 54 жаштагы атасы Дароот-Коргон айылынын борбордук базарында жүргөн бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып ал боюнча тергөө амалдары башталып, дайынсыз болуп изделип жаткан жерин аныктоо максатында тийиштүү органдарга багыттамалар жиберилген.

16-октябрь күнү болжол менен саат 17:10 чамасында 54 жаштагы жарандын жансыз денеси Чоң-Алай районунун Кызыл-Дарыя суусунан табылган. Аталган факты боюнча топтолгон материалдар 16-октябрында Чоң-Алай РИИБинде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө маркум киши колдуу болуп каза болгондугу белгилүү болгон.

Бул кылмышка шектүү катары 50 жаштагы Э.Ч. аттуу Кулчу айылынын жашоочусу, 61 жаштагы Жекенди айылынын жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмышка шектүүлөрдүн айтуусу боюнча сөз талашып уруша кетип, экөөлөп каза болгон адамды сабап, андан соң окуя болгон жерден кетип калышкан. Кандайча сууга түшүп кеткендиги учурда такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdizhapar
2021-10-20 14:05:58
Ата сакал оозуна буткондо урушуп бир адамды экоолоп токмоктогон акмактар омур бою каматыш керек кок мээлерди. Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун уй булоосуно сабыр. Маркумдун туугандары окуп жаткан болсонор элчилик жердешчилик деп кечирбегиле башкаларга сабак болсун.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан