Бишкекте тоноо фактысына шектелген жаран кармалып, СИЗО-1ге камакка алынды

Бишкекте тоноо фактысына шектелген жаран кармалып, СИЗО-1ге камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-октябрь күнү Свердлов РИИБине шаар тургуну кайрылып, 3-октябрь күнү саат 21:00 чамасында сейил бактан күч колдонуп, анын телефонун жана 30 миң сом акчасын белгисиз жаран тартып алганын айтып арызданган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүү иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Райондук сот анын баш коргоо чарасын карап чыгып, СИЗО-1ге камакка алган.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан