Бишкектеги ботаникалык бактан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-октябрь күнү саат 12:00 чамасында М.М. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза жасаган. Учурда өлүмдүн келип чыгуу себеби такталууда.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иши башталды.