Казакстандык "Hampton Resources Limited" компаниясы Бишкек ЖЭБине Караганда облусунан көмүр жеткирүү менен алектенүү үчүн "Электр станциялары" ишканасы менен келишим түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин буйругунун сүрөтүн депутат Наталья Никитенко Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
"Бул мага мессенжерге келген маалымат. Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн "Электр станциялары" ААКсын көмүр менен камсыз кылуучу "Hampton Resources Limited" компаниясы менен келишим түзүүгө милдеттендирүү чечими кабыл алынган. Аталган компания белгилүү бир сорттогу көмүр менен камсыз кылат жана Бишкек ЖЭБиндеги казанагрегаттарды тейлөөгө алат.
Бул күмөндүү репутациясы бар белгисиз жеке менчик компания стратегиялык ишканада казандарга кызмат көрсөтөт дегенди билдиреби?
Ал эми компания ошондой эле кызмат үчүн акча алат, башкача айтканда, кандай болгон күндө да өлкө катышкан жаңы ЖЭБ үчүн коррупциялык насыя боюнча карызды жабууга кете турган акчанын бир бөлүгү?", - деп жазган Никитенко.
Ал эми бул маселе боюнча "Электр станциялары" ишканасына байланышканыбызда жетекчилер жумуш ордунда жок экенин, кийинчерээк жооп беришерин билдиришти.