Талас районуна караштуу Кара-Суу айылында 37 жаштагы келин киши колдуу каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-октябрга караган түнү саат 03:50 чамасында Талас РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу билдирүү келип түшкөн. Анда 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү саат 03:30 чамасында Кара-Суу айылынын 1983-жылы туулган тургуну өзүнүн аялын өлтүрүп салгандыгы кабарланган.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барганда күйөөсү аялын ортодогу пикир келишпестиктен улам бычак менен сайып салганы аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Кылмышка шектүү катары маркумдун күйөөсү кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.