Москвага "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү келишти. Жолугушууда кандай маселелер талкууланды?

20-октябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Ооганстандагы бийлик алмашкандан кийинки аскердик-саясий абал, гуманитардык колдоо жана министрлер кабинетинин түзүлүшү боюнча негизги маселелер талкууланган.

Мындан тышкары "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү экономикалык жардам жана саясий колдоо көрсөтүүнү суранышкан.

Талибдердин делегациясын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучусунун орун басары Абдул Салам Ханафи жана тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Ахмадулла Муттаки баштап келген. Ал эми бул жолугушуу Талибандар үчүн Кабулдагы өкмөттү кулатып, бийликти басып алгандан берки алгачкы эл аралык жыйыны болуп калды.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
XATSAN125
2021-10-21 07:14:58
Кебетелери бир куник
0
Usmanbekali
2021-10-21 09:01:21
XATSAN125,Кебетелери накта эркектерге окшоп турат,эркек ушулардай сүрдүү болушу керек, Корей балдарга окшоп кызга окшобой...Куник тапкыр башка...Куник кандай болорун билбейт экенсиң...
+1
mira28
2021-10-21 10:51:21
Usmanbekali,накта эркек деп эми дамбал койнок сакал остуруп алныла,согушу жок эле багынып берип талибандардын составына отуп бересинер,тажиктердин артынан куралсыз эле басып алат 6млн элдин жарымы и так эле тентип журот ар жакта.Кыздар жоолук салынып даяр болуп эле калды кандай законду айтса да конуп бергидей болуп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан