Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында актёр Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Аталган сүрөт көргөзмө 1 ай бою театрга келген адамдардын көңүлүн бурмакчы.
Ал эми декабрь айларында актёрдун чыгармачылыгына арналган марафон өтөт. Марафондон түшкөн акча каражаты Бишкек шаарында тургузула турган айкелине жумшалат. Бул тууралуу аталган театрдын жетекчисинин орун басары Шералы Бекташов билдирет. Маалымат катары айта кетсек, актёрдун чыгармачылыгына арналган иш-чаралар Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” студиясы жана сүрөтчүнүн жакындары тарабынан уюштурулууда.