Ысык-Көлдө 21-октябрда түндө пансионаттан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жабыркагандар жок экенин кабарлашат.
Куткаруучулардын нөөмөт бөлүмүнө 21-октябрда саат 03:55те Чок-Тал айылындагы пансионаттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, саат 04:52де өрт чектөөгө алынып, 06:35те толук өчүрүлдү.
"Өрттүн кесепетинен пансионаттын кампасынын 20 чарчы метр чатыры жана курулуш материал, унаа тетиктери күйдү. Себеби такталууда. Жабыркагандар жок", - дешти министрликтен.