Акыйкатчы: "Чоң-Алай РИИБинин убактылуу кармоочу жайында жуунуучу жай, дараткана жок"

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай РИИБинин убактылуу кармоочу жайы шарттарга жооп бербейт. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мониторинг жүргүзүү учурунда төмөндөгүлөр аныкталган.

"Убактылуу кармоочу жай стандарттарга жооп бербейт, жуунуучу жай жана даратканасы жок. Ошондой эле камераларда керебеттин жоктугунан бетонго жатышат. Дары-дармектердин мөөнөтү өткөн. Райондук прокуратура тарабынан көзөмөл жүргүзүлбөйт. Мониторинг учурунда 2 жаран жасаган кылмышы үчүн шектүү деп кармалып, кылмыш жасаган жерине тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн алып кетишкен", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан