Кечээ, 10-ноябрда кечки саат 20:10дордо Караколдогу шаардык ички иштер бөлүмүнө Тыныстанов көчөсүндөгү үй-бүлөлүк жатаканадан маалымат келип түшкөн. Чалган адам жатакана жашоочуларынын бири бычакталганын кабарлаган. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган кырсык Ысык-Көл облусундагы Тыныстанов көчөсүндөгү жатаканада болгон. Ак-Суу районунун Ак-Булак айылында төрөлгөн бир тууган ага-инилер мас абалында сүйлөшүп жатып, чырдаша кеткен. Натыйжада бир туугандардын улуусу (1972-жылкы) ашкана бычагы менен 1986-жылкы инисин жүрөк жана моюн тушка сайган.
Бычак жеген иниси ооруканада алган жараатынан улам каза тапкан. Кырсык болгон жерге келген оперативдүү топ өлтүрүүгө колдонгон бычакты табышкан. Изин жашырып кетүүгө аракет кылган шектелүүчү изи сууй электе кармалып, Караколдун убактылуу камак жайына киргизилген.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат