Шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери курал, акча жана алтын буюмдарды уурдоого шектелгендерди кармашты. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-октябрь күнү саат 13:20 чамасында Ак-Тилек жаңы конушундагы жайгашкан үйгө белгисиз адамдар дарбазадан секирип кирип, мергенчиликке колдонулган мылтыкты, 270 доллар жана 55 миң сом акчаны, ноутбук, телефон, планшет, жана алтын чынжырчаларды, колго таккан сааттарды уурдап белгисиз тарапка из жашырышкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1996-жылы жана 2003-жылы туулган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.