Бишкек шаарында IV Эл аралык "ART-ORDO" аталышындагы театралдык фестиваль 14-ноябрда башталат. Аталган иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган. Фестивалга КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдүн театр өкүлдөрү катышышат. Иш-чаранын негизги максаты-дүйнөлүк театр искусствосунун өз ара карым-катнашын байытуу жана бекемдөө.