Октябрь РИИБинин тергөөчүсү жабырлануучунун тосмо арызын жасалмалап, ишти мыйзамсыз кыскарткан деп шектелүүдө. Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, тергөө кызматынын жазык иштери боюнча кабыл алган процессуалдык чечимдеринин мыйзамдуулугу текшерилип, арыз жана башка процессуалдык документтерди бурмалоо фактысы аныкталды.
Тагыраак айтканда, 19-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын кафелеринин биринде уюлдук телефон уурдоо фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу келгенде А.К. аттуу жаран аталган кафенин кызматтык бөлмөсүнүн ичинде телефону жоголгону тууралуу арыз менен кайрылган.
Бул факты боюнча Октябрь РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"30-сентябрда Г.А. аттуу тергөөчү бир дагы тергөө-иликтөө ишин жүргүзбөстөн атайылап жалган маалымат киргизүү менен телефон жоголгон деген мурда жазылган арызды "тосмо арыз" катары бурмалап, анын натыйжасында сотко чейинки өндүрүштү мыйзамсыз кыскарткан.
Башкы прокуратура тарабынан топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - дешти прокуратурадан.