Ысык-Көл облусунун тургунунан милиция кызматкерлери баӊгизатын жана мыйзамсыз кармаган балыктарды табышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Ысык-Көл ОИИБинин баӊгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине ыкчам маалымат түшүп, анда Каракол шаарынын тургуну мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүрөрү айтылган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүргөн адамдын аты-жөнү аныкталып, ал 32 жаштагы У.Б. аттуу жаран болуп чыккан.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө аталган жарандын үйүнүн короосунун чатырынан полиэтилен пакетине салынган жапайы кендирдин специкалык жыты бар өсүмдүк табылып алынган. Андан тышкары, мыйзамсыз кармалган 506 даана балык жана анын уруктары табылып алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, алынган баӊгизатты кургатылган марихуана түрүнө кирери жана анын таза салмагы 205 граммды түзгөнү белгилүү болгон. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, кармалган жаранга шектүү катары өтүп жаткандыгы боюнча кабарлама берилген.
Ал эми алынган балыктар, кайсы балыктын түрүнө кирерин жана келтирилген материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында тийиштүү иш кагаздары Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгына жиберилген. Мамлекеттик мекеменин корутундусу чыгар замат өзүнүн юридикалык баасы берилет.