Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сентябрдын аягында борбор калаанын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда алдоо жолу менен ишенимге кирип 3 миң 300 доллар болгон ашкана эмеректерин сатканын, бирок кардар убадасын аткарбай алдап качып жүргөнүн айткан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Октябрь РИИБинин 3-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган К.А. аттуу жаранды кармап, ал убактылуу кармоочу жайга, кийин соттун чечими менен СИЗО-1ге камакка алынган.

Милиция кызматкерлери шектүүнү башка кылмыш иштерге тиешеси болушу мүмкүн экенин айтып, кимде кандай маалыматтар болсо төмөнкү телефон номерлерге чалып коюуну өтүнөт.

Байланыш телефону: 0 (701) 00-26-88 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан