Ош облусунун Кара-Суу районунда каракчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-январда түнкү саат 02:00 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну үйүндө 2 баласы менен жаткан убакта белгисиз 2 адам бет капчан кирип келип, бычак менен коркутуп, үйүндөгү 300 миң сомдук алтын буюмдарын жана уюлдук кол телефонун карактап тартып алып кетишкени белгилүү болгон.
Окуя ошол эле күнү Кара-Суу РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, бүгүнкү күнгө чейин кылмыштын бети ачылбай турган.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшү менен окуя боюнча маалыматтар алынып, аталган кылмышты жасаган жарандардын аты-жөнү такталып, мурда бир нече жолу соттолгон 34 жаштагы Х.Ф. жана 28 жаштагы М.у.Ф. кармалган. Шектүүлөрдүн жүргөн жерлери такталып кызматкерлер тарабынан далил буюм катары каракталган алтын буюмдар алынган.