WhatsApp мессенжери колдонуучуларына атайын каталогдо товарларды жана кызматтарды издөө мүмкүнчүлүгүн берет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, бул өзгөчөлүктүн жардамы менен өнүмдөрүн тиркеме аркылуу саткан компаниялар эми товарларды категориялар боюнча уюштура алышат, андыктан сатып алуучулар мындан ары узун тизмелердин арасынан керектүү нерсесин дароо таба алышат.
Кыргыз өлкөсүндө бул функция, дегеле WhatsApp'тан сатып алуулар учурда жеткиликсиз бойдон калууда. Ишке качан кирери азырынча белгисиз.