Египеттин Асуан шаарында дарыгерлер уюлдук телефонду жутуп алган жаранга операция жасашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, египеттик жаран Асуан университетинин ооруканасынын дарыгерлерине ич оорусуна даттанып кайрылган. Ар тараптуу текшерүү учурунда ал кишиге рентген жасалып, анын ашказанында уюлдук телефон бар экени аныкталган.
Бейтап дарыгерлерге бул аппаратты жарым жыл мурун жутуп алганын жана жардам сурагандан уялганын моюнуна алган. Бирок бул убакыттын ичинде ал ооруп жүргөн. Ал телефон денеден табигый түрдө чыгат деп үмүттөнгөн, бирок андай болгон эмес.
Египеттик жаранга операция жасалып, телефону алынды. Ал кишинин ден соолугу тууралуу маалымат жок, бирок толук сакайып кетет деп болжолдонууда.