Күз мезгили дагы сапарын карытып бара жатат. Ар бир мезгилге байкоо жүргүзүү менен көркөмдүгүнө суктанып калуу зарыл. Антпесек убакыт учкан куш дегендей, көз ачып жумганча көркөмдүктү таппай калабыз...
Ал эми быйыл Бишкек шаарындагы күз биздин сүрөттөрдө.

Жалбырактар сары-кызыл түскө боёлуп, жерге түшсө чачып койгон алтындай көөдөнүңө көркөмдүктү тартуулайт.


Ушул күзүм, былтыркыдан бөтөн күз,
Улам мезгил өтсө биз да бөтөнбүз.
Каркырадай тизмектешип өмүрдөн,
Кайтпай артка закым болуп өтөөрбүз. (Калича Жакыпова)












Алтын күз сыртта... күн ачык,
Алтын кыз менден алыста.
Аралык азыр мунарык,
Апкаарып турам барышка... (Зайырбек Ажыматов).


