Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун "Гиннестин рекорддор китебине" кирүү үчүн документтери даяр болду. Бул тууралуу Ырыс Окенова SUPER.KG порталына билдирди.
"Буюрса, документтерди жана видеону Гиннесске даярдап бүттүк. Мен материалдарды атайын Гиннесс менен иш алып барган Солтобек Эркин деген жигитке өткөрүп бердим.
Алты күн манас айткан видео толугу менен монтаждалып бүттү. Алты күн бою камера өчкөн эмес. Таймер да иштеп турган. Дөөлөт манас айтып жаткан жерин "актив" деп белгилеп, тынган жерин "пассив" деп белгиледик. Алар канча убакыт манас айтканын, канча саат эс алганын текшерип чыгышат.
Москвада манас айтуу процессине катышкан тиешелүү окумуштуулардын, башка өлкөнүн өкүлдөрүнүн ой-пикирлери камтылган документтер да даяр болду. Окуяны баштан-аяк баяндаган кыскача хронологиялык тасма да даярдалды. Эми документтерди жөнөтүп, жообун күтүү процесси гана калды", - деп билдирди Окенова.
Белгилей кетсек, Дөөлөт Сыдыков "Гиннестин рекорддор китебине" кирүү үчүн Москва шаарында 6 күн бою манас айткан.