12 миң доллар акчасы бар сейфти алып кеткен. Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды

Бишкекте чет өлкөлүк жарандарды тоноого шектүү катары 33 жаштагы жаран кармалды. Ал мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришет.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү кечки саат 20:00 чамасында кебетеси азиялык болгон белгисиз жаран борбор калаадагы Муратбек Рыскулов көчөсүндө жайгашкан батирге кирип барган. Ал жердеги Кытайдын эки жаранын тоноп, 500 доллар жана 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын, ошондой эле ичинде 12 миң доллар акчасы бар сейфти тартып алып, из жашырып кеткен.

Мындан тышкары кытайлык жаран В.М.га таандык паспорт менен 800 юань акча каражатын да тартып алган.

Шектүү Кытай жарандарына каршы күч колдонуп, аларды белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркуткан. Алардын денесине да зыян келтирген. Ал бет капчан болгондуктан жүзүн таанып калуу мүмкүн болгон эмес.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Шаардык милициянын жана Ленин РИИБинин атайын кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы тоноого шектүү катары 1988-жылы туулган жаран кармалган. Ал мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосуна алынган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда териштирүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан