"Игра в кальмара" сериалынын 001-номериндеги оюнчунун ролун аткарган 77 жаштагы түштүк кореялык актёр О Ён Су сериал чыккандан кийинки атактуулугунун терс жактарын айтып берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Анын айтымында, шоунун популярдуулугу өскөн сайын, аны менен байланышкысы келгендер көбөйүп жана буга өзүнүн агенттиги жок болгондуктан кызынан жардам суроого аргасыз болгон.
"Мунун баары мени ойлондурат. Мен тынчтанып, ойлорумду жыйнап жана азыркы убакта эч жакка шашпашым керек.
Абал абдан өзгөрдү. Мен сыртка, кафеге же башка жакка барганымда баары мени карап турганын эске алышым керек. Мага атак-даңк оор жүк катары көрүнөт", - деп билдирет О Ён Су.
Ошондой эле ал актёрдук карьерага дымагы жок экендигин кошумчалаган.
Маалымат үчүн: "Игра в кальмара" 9 бөлүмдөн турган сериал, анда карызга баткан карапайым адамдардын чоң суммадагы акча коюлуп байлар тарабынан уюштурулган оюнга катышканы, ал оюн жеңилген адамдардын өлүмү менен коштолуп отуруп, акырында 1 гана адамдын аман калганы баяндалат.
Netflix сериалды тартууга 21 миллион 400 миң доллар сарптаган. Ошондой эле жалпысынан адамдар шоуну көрүү үчүн 1 миллиард 4 миллион сааттан ашык убакыт коротконун айтышат.