Бишкекте унаа уурдоого шектелип 33 жаштагы жаран кармалды. Ал азыр убактылуу кармоочу жайда

Бишкекте унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришет.

Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБине 4-сентябрь күнү борбор калаанын Б.Ч. аттуу тургуну унаасын уурдап кеткен белгисиз жаранга чара көрүүнү суранып арыз менен кайрылган.

Анда 3-сентябрь күнү саат 23:30 - 08:00 аралыгында шаардагы Акматбек Сүйүмбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринин жанында токтоп турган Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жаран уурдап, из жашырып кеткенин жазган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Бишкек ШИИББинин жана Свердлов РИИБинин атайын кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган жаран кармалды.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан