Казакстанды 29 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев отставкага кетүү себептеринин бирин айтты

Коңшу Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев анын мамлекет башчылыгынан кетүүсүнүн себептеринин бири бул кийинкиге калтырылган операция экенин айтты. Бул тууралуу Назарбаев Казакстандын жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде айткан.

"Менин омурткама жана далыма өтө олуттуу операция жасалган. Анан ушундай абалың менен кантип өлкө башкарасың? Президент болгондон кийин көп жерлерге барасың, 350 жолу жолугушуу өткөрөсүң. Мунун баарына ушундай абалың менен кантип жетишмек элең?", - деген Назарбаев.

Анын айтымында, отставкага кетүү чечиминин кабыл алынышында ден соолугунун абалы маанилүү роль ойногон.

Нурсултан Назарбаев президенттик кызматтан 2019-жылы 78 жашында кеткен. Ал буга чейин 1990-жылдан бери Казакстанды башкарган.

Буга чейин Нурсултан Назарбаевдин элинен кечирим сурагандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Datka7777
2021-10-22 08:18:47
Супер инфо Казакстанды Назарбаев 1990-жылдан бери эмес 1987-жылдан бери башкарып келген
-1
Samash-87
2021-10-22 09:16:13
Бул маңка Кыргызга жакшылык кылган эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан