Бишкекте эки кабаттуу үй өрттөндү

Бишкекте эки кабаттуу үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Көк-Жар конушунун Арстанбап көчөсүндө эки кабаттуу үйдүн жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн чатыры жана уктоочу бөлмөсү күйүп кеткен.

Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылган.

Өрт саат 06:21де чектөөгө алынып, 08:00дө толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан