Нарын шаарынын мэри шайланды

Нарын шаарынын мэри шайланды. Бул боюнча мэриянын басма сөз кызматына байланышканыбызда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-октябрь күнү Нарын шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Арслан Сталбек уулу Нарын шаарынын мэри болуп шайланды. Ага Нарын шаардык кеңешинин 31 депутаттын ичинен 16 депутат добуш берген.

Буга чейин Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков берилген арызына ылайык, кызмат ордунан бошотулган.

Өмүр баяны:

Арслан Сталбек уулу 1990-жылы 2-апрелде Нарын шаарында туулган. 2008-2013-жылдары "Ала-Тоо" эл аралык университетинен билим алып, каржы жана насыя, банк иштери адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:
- 2021-жылы "М.СТАРД" курулуш компаниясынын директорунун орун басары;
- 2020-2021-жылдары С.Муканбетов атындагы бетон заводунда башкы инженер;
- 2017-2018-жылдары "Азия банкынын" насыялык операцияларды текшерүү бөлүмүнүн адиси;
- 2016-2017-жылдары "Бакай банкынын" насыялык бөлүмүнүн башчысы;
- 2015-жылы "Бакай банкынын" насыялык эксперти;
- 2013-2015-жылдары KICB банкынын насыялык эксперти.
Үй-бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун атасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан