Белгилүү "Ералаш" юмордук киножурналынын режиссёрлорунун бири Илья Белостоцкийдин үйүнөн жашы жете электер менен болгон сексуалдык мүнөздөгү материалдар табылган. Бул туурасында Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Андагы маалыматта режиссёр былтыр бачабаздыкка айыпталып, камакка алынганы айтылат. Белостоцкийдин жакындары бир жыл бою кинематографист катуу ооруп жатканын, байланышка чыгууга мүмкүнчүлүгү жок болуп жатканын айтып, кылмыш ишин жашырууга аракет кылып келишкен.
Бүгүнкү күндө тергөө иштери аягына чыкты. Бирок күбөлөрдүн бири Белостоцкийдин үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда жашы жете электердин катышуусундагы порнографиялык материалдардын топтому табылганын билдирген. Бул жагдайдан кийин режиссёрго дагы башка берене менен кылмыш иши козголушу мүмкүн.
Илья Белостоцкий режиссёр, сценарист жана продюсер катары таанымал.