"Биз да колдон келишинче берип турабыз". Нурсултан Назарбаев Кыргыздан алган белеги тууралуу айтты

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев өзү жөнүндө тартылган "Штрихи к портрету. Лидер" документалдуу тасмасында башка өлкөлөрдүн башчылары тартуу кылган белектер тууралуу айтып берди.

Анда ал АКШ сыяктуу батыш мамлекеттери белекке анча маани бербестигин айтып, СССРдин курамында болгон өлкөлөр белек беришүүгө кызыгарын билдирди.

"Биздин постсоветтик республикалар белек беришүүгө кызыгышат. Мисалы, Бердымухамедов (Түркмөнстандын президенти - Гурбангулы Бердымухамедов) ахалтекин жылкысын белекке берген. Кыргыздар да жылкыларды белекке беришкен. Чын жүрөктөн берилген жакшы белек. Биз да колдон келишинче берип турабыз", - деген Назарбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl.jazi
2021-10-22 17:21:22
"Алгандын бермейи бар" деп койчу беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан