Америкада 43 жаштагы аял кош бойлуу экенин билбей, күтүүсүз жерден төрөп салды

Америкада 43 жаштагы аял кош бойлуу экенин билбей, күтүүсүз жерден жынсы шымына төрөп салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Глинис аттуу 43 жаштагы америкалык аял төрөйм деп эч ойлогон эмес, бирок ал күтүүсүз жерден жынсы шымына төрөп салган. Ал 40 жашында бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды колдонууну токтоткон. 3 жылдан кийин анын кош бойлуулукка шектенүүсүнө эч кандай себеп болгон эмес.
"Мен чарчаган жокмун, белим ооруган эмес, кадимки күнүмдүк иштерим менен алек болдум. Чоңураак кийимдер талап кылынган эмес, шымдын сыдырмасы бекитилген", - деп билдирген ал.
Бир убакта ал жатыны катуу ооруганын сезген. Ал учурда аял жөн гана жатып уктап калганын, ойгонгондон кийин тура албай койгонун айткан. Бир нече сааттан кийин ал күйөөсүнүн жардамы менен ооруканага барган. Ооруканага барган учурда жатындан суу кеткенин, андан кийин бир нерсе түшүп, оорусу өтүп кеткенин байкаган.
Медайымдар анын жынсы шымын кесип чечип салышканда, ичинен жаңы төрөлгөн кызды көрүшкөн. Ымыркайдын салмагы болжол менен 2 килограмм 700 грамм салмакты түзүп, толугу менен дени сак болгон. Аял кызына Периште деген ысым ыйгарган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
BISHKEK-312
2021-10-22 13:05:29
Мына сага кызык?
+3
Kisa-2014
2021-10-22 13:07:10
Тообо,ушундайда болобу
+3
06021701
2021-10-22 13:23:48
Керемет деп койбоптур атын
+3
Belek1710
2021-10-22 14:11:33
Больницага баргыча 3 килограмм нерсени байкабай эмне, жалган нерсени дагы жакшына кылып жазса, суусу кетип калса шымын деле алмаштырат да сийип койдумбу деп, тумчугуп калмак да, ыйламак.
+6
bayern-munchen
2021-10-22 14:50:24
Belek1710,аныкына 4 кг нерсе кирип журсо керек да байкабай калса
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан