Ош облустук Кара-Кулжа районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн башкы адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунан жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн башкы адиси О.Т. кармалды.
"O.T. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма документтердин негизинде мыйзамсыз түрдө Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун Өзбекстандын жарандары Ю.М. жана С.Мга белгилүү бир акчалай сый акы үчүн бергени аныкталды. Кармалган О.Т. 98-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факты боюнча тергөө аракеттери жана тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда", - деп айтылат билдирүүдө.