Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте 170 өлкөнүн ичинде Кыргыз өлкөсү 97-орунда. Бул боюнча изилдөөнү Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Жоржтаун институтунун Гендердик маселелер, коопсуздук жана тынчтык борбору жүргүзгөн.
Маалыматка ылайык, WPS индекси тарабынан Дания, Финляндия, Норвегия жана Люксембург аялдар үчүн эң коопсуз, ал эми Ирак, Сирия, Ооганстан, Йемен, Пакистан өлкөлөрү абдан кооптуу деп табылган.
Борбор Азия боюнча коопсуз өлкө Казакстан болсо, андан кийинки орунда Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргыз өлкөсү орун алган.