
Гонконгдо уктагысы келген адамдар үчүн 5 сааттык автобус каттамы ишке киргизилди. Бул тууралуу чет элдик мааалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Гонконгдо жумуштан чарчап, коомдук транспортто уктап калган жүргүнчүлөр үчүн узундугу 76 чакырымды түзгөн эки кабаттуу автобус каттамы ачылды.
Билеттин баасы 13 доллардан 51 долларга чейин, ал орундукка жараша болот. Уктоо үчүн атайын кулакчындар жана көздү караңгылоочу калың маска берилет. Бирок көпчүлүгү өздөрүнө жууркан, тапичка жана жаздыкчаларды ала келишкен.
"Гонконгдун жарандары уктаганга жетишпейт. Ошондуктан көпчүлүк адамдар коомдук транспортто укташат жана убакыттын өтүшү эс алуу менен байланыштуу боло баштайт. Көбүнчө адамдар үйдө керебетке жатып эс алганга караганда автобуста уктап калышат", - деп билдирет аталган турду уюштуруучулардын бири.