Милиция тарабынан кыйноого кабылган 60 жаштагы жаранды айылдаштары айылдан кууп чыгууга аракеттенишүүдө

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Шералы айылында милиция кызматкерлери 60 жаштагы жаранга зордук-зомбулук көрсөтүп, жалган айып тагууга аракет кылган делген окуя боюнча Шералы айылынын айыл башчысы Болот Шерматов SUPER.KG порталына 60 жаштагы жаран тууралуу төмөнкүчө маалымат берди.

йылдашыбыз Өзгөн РИИБинде иштеген милиция кызматкерлеринин зордук-зомбулугуна туш болгонун айтып арыз менен кайрылган экен. Бул маалымат жарыялангандан кийин Шералы айылынын тургундары Ж.Э. тууралуу маалымат айтууну туура көрдүк. Бул адам азыр 85 жаштагы кошунасын өлтүрдү деп шектелүүдө. Ал карыянын баш сөөгү жанчылып, сөөгү мээге кирип кеткен. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек, бирок темир менен урган деген сөз болуп жатат. Биз айылдагылар да бул адамдан шектенип жатабыз. Анткени Ж.Э. буга чейин каза болгон адам жана башка кошуналары менен чатакташып жүргөн.

Ж.Э. башка кошунасын сабап, анын аялына кол көтөрүүгө чейин барган. Бирок алар корккондуктан бул тууралуу айтып берүүдөн баш тартышууда. Мени аралаштырбай эле койчу деп жатышат. Айыл тургундарынын айтымында, Ж.Э. буга чейин ал өз энесин бычактап өлтүрүп, Кароол деген айылдан Жылалдыга куулган. Ал жерден да уурулук кылып, 2009-жылы Шералы айылына көчүп келген. Анын үч баласы бар, бирөө соттолуп камакта отурат.

Ал кишиге милициянын кыйноосу болду дегенге Шералы эли ишенбейт. Шералы айылынын ак сакалдар кеңеши прокуратурага кайрылып, Ж.Э.ге ишенбөөчүлүк көрсөтөбүз деп арыз жазышууда. Эгер мыйзамдуулук болсо укук коргоо органдарына ишенебиз. Бирок Ж.Э. тааныштарын колдонуп суудан кургак чыгышы мүмкүн. Ж.Э айылдагы башка кылмыштарга да шектелүүдө. Биз Ж.Э.ни айылдан кетирүүнү максат кылып жатабыз. Жүздөн ашык адамдын колу менен протокол түзүлдү. Анткени айыл эли андан коркуп жашагысы келбейт", - деп билдирди айыл башчы.

Ж.Э.ден жабыркап жүргөн кошунасы Жазирахон Жалалова буларга токтолду.

"Мен кошунамдан бир-эки жолу запкы жегем. Жолдошум каза болуп калган. Кичинекей балдарым бар. Ж.Э. балдарымды “өлтүрүп коём” деп коркутуп жүрдү. 2019-жылдын 2-январында 19 жаштагы балам кошунамдын үйүнө "тоок силердин короого учуп кетти, карап алайын" деп барат. Ошондо ал баламды айры менен уруп, көз айнегин сындырып, тиштерин күүп салган. Балам ооруканага жатып чыкты. Мен милицияга арыз жаздым. Ж.Э. мени "арызыңды ал" деп коркутту. Ачык эле “балаңдын тирүү калганына сүйүн, канга кан, жанга жан” деди. Соттошуп жаткан маалда аялы менен мени көпкө кыйнашты. Сотто иш жакшы каралган жок. Сот 24 саатка коомдук ишке тартты. Андан сырткары 24 миң сом айып пул салды. Кошунам кайра менин үстүмдөн арыз жазды. Бул адам буга чейин эки жолу соттолгон экен. Биз бул адамдан коркобуз", - деп билдирди кошунасы.

Биз материал объективдүү болушу үчүн милициянын кыйноосуна кабылдым деген адам менен байланыштык. Ал буларга токтолду.

"Эл билип-билбей айта берет. Менде эч ким менен уруш-талаш болгон эмес. Акыркы жолу бул абышка менен 2-3 ай мурун жолуккам. Ортобузда чыр болгон эмес. Чалдын кичүү баласынын башы ооруйт. Ошол баласы кошуна тарап өлтүрүшү мүмкүн деп айтыптыр. Мен Ооган согушунун катышуучусумун. Бирөөгө жамандыгым жок", - деди ал.

Ош ОИИБинин басма сөз кызматы Ж.Э.ге зордук-зомбулук көрсөткөн кызматкер боюнча төмөнкүдөй маалымат билдиришти.

"Ош ОИИБинин ички иликтөө кызматы тарабынан бул жагдайлар боюнча кызматтык иликтөө жана прокуратура тарабынан текшерүү жүрүп жатат", - деди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
IOA
2021-10-23 09:46:59
Бул киши Эл айткандай жаман болушу мумкун, бирок милицияга ишенич жок
+3
Luna7
2021-10-23 09:54:00
Кошуналары менен батышпаган чыр окшойт,бизде да бар андай кошуналар
+3
Datka7777
2021-10-23 10:20:55
Тергоо аныктасын ишти
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан