Төшүн көрсөтүп... Москвада Кызыл аянтта уяттуу жерин ачып видеого түшкөн кыз кечирим сурады

Орусияда борбордук аянтта бөдөнө тумшук мамагын көрсөтүп, видеосун жарыялаган кыз талкууга алынды. Көп өтпөй эле полиция кызматкерлери коомго жарыяланган видеодогу кызды издөө, аныктоо боюнча териштирүү иштерин баштаганын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Видеодон бейтааныш кыздын Москвадагы Кызыл аянтта бийлеп, андан кийин кофтасын көтөрүп төшүн көрсөтүп жатканын байкоого болот.

"Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаардык башкы башкармалыгы интернетке жарыяланган видео боюнча териштирүү жүргүзүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгына жараша мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Орусиянын жергиликтүү басылмалары жарыялаган алдын ала маалыматка караганда, видеодогу кыз Lola Bunny аттуу блогер. "Ал видео мындан 2-3 жыл мурда тартылганын айтып аянттагы видеосу үчүн кечирим сурады. Айтымында, видеону интернет желесине өзү жарыялаган эмес. Ошондой эле блогер социалдык тармактар аркылуу коркутуулар болуп жатканын да айтты", - деп кабарланат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
06021701
2021-10-23 10:22:40
Орус оюндагысын кылат
0
BISHKEK-312
2021-10-23 11:41:16
Буларга боло берет, бирок биздикилерди Кудай сактасын, муну көрө калып эле жанагы бою кичине, алкаш блогер
кыз ушинтип чыкпасында)).
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан