Казакстандык вайнер медицина кызматкерлерин шылдыңдаганы үчүн жазага тартылышы мүмкүн

Казакстандык вайнер Мейржан Туребаев медицина кызматкерлерин шылдыңдаганы үчүн жазага тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, вайнер Инстаграм баракчасына дарыгерлерди тамашалаган видеону жарыялаган. Видеодо Туребаев эмдөө үчүн келгенин жана Sputnik V вакцинасы менен эмделгенин айткан. Андан ары медайымдарды тамашага саларын айтат. Ал эмделгенден кийин манжаларын кысып, эмне үчүн мындай болгонун дарыгерлерден сурайт. Таң калган дарыгер дароо Туребаевдин манжаларын ажыратууга жардам берүү үчүн чара көрөт. Видеонун аягында блогер бул тамаша экенин дарыгерлерге айтат.

"Бейтапкананын жетекчилиги административдик жоопкерчилик чараларын көрүү үчүн компетенттүү органдарга кат жөнөтөт. Анткени элдин ден соолугу жана саламаттыкты сактоо системасы жөнүндө кодекс мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын, ошондой эле жарандардын кесиптик ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынган", - деп айтылат маалыматта.

Казакстандык вайнер Мейржан Туребаев медициналык кызматкерлерди шылдыңдаганы үчүн жазага тартылышы мүмкүн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан