Супер фактылар: Ак турналар ырым-жырымдар да колдонуларын билчү белеңиз?

Бүгүн, 22-октябрь - Ак турналардын күнү. Дал ушул ак турналар жөнүндө кызыктуу фактыларды тартуулайбыз.

  1. Индияда Сибирь кранын (ак турна) лилия чымчыгы деп атап коюшат. Индира Гандинин жарлыгы менен 1981-жылы ак турналар кыштаган жерде "Кеоладео" улуттук паркы түзүлгөн, бул жерде кыштап жаткан бардык канаттууларды коргоонун катуу режими бар.
  2. Сибирь турнасы адамдын бою менен дээрлик бирдей, бою 1 метр 40 сантиметрди түзөт, канатынын узундугу эки жарым метрдей.
  3. Ак турна (Сибирь краны) башка канаттууларга салыштырмалуу эң узак жолду басып өтөт: беш жарым миң чакырымдан ашык. Булар жылына эки жолу тогуз өлкөнүн үстүнөн учат.
  4. Эркек менен ургаачы түсү боюнча айырмаланбайт, бирок ургаачысы сымбаттуу жана бир аз кичине болот.
  5. Манси жана Ханты элдери үчүн ак турна - бул ыйык канаттуу, үй-бүлөлүк тотем, бардык ырым-жырымдарда алмаштырылгыс каарман.
    6. Жупташуу мезгилинде ак турналар суткасына эки сааттан ашык укташпайт.
    7. Ооганстанда жана Пакистанда турналарга аңчылык кылуу салты дагы эле бар.
    8. Ханты эли эч качан ак турналардын тынчын албайт: жазында жана жайында ак турналар уялаган жерлерге барууга тыюу салынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
didu
2021-10-22 21:50:07
Турналар башка жол таапалган окшойт жакыныраак илгеркидей отпой койду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан