Кара-Балтада 24 жаштагы жигитти эки досу өлтүрө сабаган деп шектелүүдө

Кара-Балтада 24 жаштагы жигитти эки досу өлтүрө сабаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда Жайыл районунун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн Кара-Балта шаарынын 24 жаштагы тургуну Ж.М. денесиндеги оор жаракаттардан эсине келбестен комада жатып каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-беренеси "денеге оор залал келтирүү" менен катталган.

"Алдын ала маалыматтар боюнча Ж.М. Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде жүргөндө достору тарабынан сабалган. Тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Чүй ОИИББинин жана Жайыл РИИБинин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектүү катары 24 жаштагы А.И. аттуу жаранды кармашкан. Ал райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Экинчи шектүүгө издөө жарыяланды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан