Ооганстанда кыздар үчүн жашыруун онлайн окуу ачылды

Ооганстандагы кайрымдуулук уюмдардын бири өлкөдө 12 жаштан ашкан кыздар үчүн жашыруун онлайн мектеп ачышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ооганстандагы үйрөнүү программасы технология, инженерия жана математика сыяктуу предметтерди өзүнө камтыйт. Ошондой эле кыздарга программалоо жана веб-сайттарды иштеп чыгууну үйрөтөт.

Кызматкерлерди жана студенттерди коргоо үчүн онлайн мектептин кандайча иштери тууралуу маалыматтар жашыруун сакталат. Бул программа кыздарды билимин өз алдынча өркүндөтүү үчүн окуу материалдарын табууга үйрөтөт.

"Биз Ооганстандын келечеги боло турган 100 кызды окутуп жатабыз. Алар планшеттерин жума ичинде окууга жана үй тапшырмаларын алуу үчүн колдонушат", - деди окуу бөлүмүнүн башчысы.

Эскерте кетсек, талибдер бийликке келгенден кийин кыздардын билим алуусуна тыюу салышкан.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ayzhan12
2021-10-22 19:14:53
Ашынган исламчыл , динчил талибтер аялдарды басмырлап, мажбурлап бети башын хиджабка тумчулап жатканы акмакчылык. Ар бир аял бир келген жашоосунда ырахат алып, жан дүйнөсүнө жаккан иш жасоого толук укугу бар.
+2
Anara78
2021-10-23 01:05:12
Эми бул жонундо билип алышпаса экен,жырткычтар
0
06021701
2021-10-23 10:34:40
Билип калса баштарын алат мыкаачылар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан