Чүйдө мектепке кирип келип, кароолчуну тапанча менен коркуткан эки шектүү кармалды

Чүйдүн Панфилов районундагы мектепке кирип келип, тапанча менен кароолчуну коркуткан эки шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Чүйдүн Панфилов РИИБине мектептин кароолчусу арыз менен кайрылып, 21-октябрь күнү саат 10:30 чамасында белгисиз эки адам мектепке кирүүгө аракет кылганын билдирген. Аларга кароолчу бет кап кийинүү айткан, бирок алар өздөрүн агрессивдүү көрсөтүп, ортодо жаңжал чыккан. Кароолчунун айтымында, алардын бири чөнтөгүнөн белгисиз куралды алып чыгып, андан кийин белгисиз тарапка из жашырган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Шектүү жарандарды кармоо үчүн "Перехват" планы жарыяланып, эки шектүү кармалган. Алар 2001-жылы туулган А.З. жана 2003-жылы туулган Н.Б.

Тинтүү иштери жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн жанынан 15 огу менен тапанча алынган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2021-10-23 10:12:01
Бул эшектерди сразу атып салыш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан