Белгияда жубайлар 11 баласына жалаң төрт тамгадан куралган ысым ыйгарышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Марино Ванено жана анын жубайы Гвенни Бланкерттин 7 кызы жана төрт уулу бар. Алар улуу балдарына Алекс жана Аксел деп ат коюшкан. Андан соң алар болочок балдарына жалаң L, E, A ,X тамгаларын колдонуу менен ат коюуну чечишкен.
"Биз алгач тун уулубузга Алекс деген ысымды ыйгардык, кийин уулубузга Аксел деп ат койдук. Анан биз бул тамгалар эки вариантта тең колдонулганын түшүнүп, бул ыкманы өзгөртпөөгө макул болдук", - деп билдирет Гвенни Бланкерт.
Натыйжада балдарына жалаң төрт тамгадан куралган ысымдар ыйгарылган. Алар: Аlex, Axel, Xela, Lexa, Xael, Xeal, Exla, Xale, Elax жана Alxe (дагы бир баласынын аты жазылган эмес).
Ал эми Марино ат коюуда жаңы айкалыштарды табуу кыйынга турбаганын, бирок балдардын мугалимдерине кыйынчылык туудуруп жатканын билдирген. Анткени алардын бешөө бир мектепте окушат.
Белгилей кетсек, жакында жубайлар 12-баласын күтүп жатат. Алар жарык дүйнөгө келе турган баласы үчүн да жогорудагыдай ысым бар экенин маалымдашкан.