Эртең, 23-октябрдан баштап Жалал-Абад шаарынын тургундарына жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим бүгүн Жалал-Абад шаардык мэриясынын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабынын отурумунда кабыл алынды.
"Бардык мекеме-ишканаларга (менчигинин түрүнө карабай), мектеп, бала бакча жана көп кабаттуу үйлөргө жылуулук бериле баштайт", - деп жазылат маалыматта.