Түштүк Кореялык жумушчулар Сеул шаарында "Игра в кальмара" сериалындагы каармандардай кийинип митингге чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн 80 миңге жакын жараны митингге чыгып, өкмөттүн эмгек шарттарын жакшыртууга жана айлык акыны көтөрүүгө чакырышты.
Ошондой эле алар "Игра в кальмара" сериалындагы оюнчулардай эле жашоо менен күрөшүп жатканын билдиришкен. Митингчилердин айрымдары аталган сериалдагы каармандардай кийинип чыгышкан.
Белгиленгендей, борбордогу митинг бийликтин коронавирус пандемиясына байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салганына карабай өткөрүлгөн жана тартипти 16 миңге жакын полиция кызматкери көзөмөлдөгөн.
Белгилей кетсек, "Игра в кальмара" сериалы 9 бөлүмдөн турат жана анда карызга баткан карапайым адамдардын чоң суммадагы акча коюлуп байлар тарабынан уюштурулган оюнга катышканы, ал оюн жеңилген адамдардын өлүмү менен коштолуп отуруп, акырында 1 гана адамдын аман калганы баяндалат.